Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

ДОДОЖАН АТАВУЛЛАЕВ – ТАЖИКСТАНДАГЫ БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН КҮЗГҮСҮ


Эдил Сапарбек уулу, Прага Тажикстандын бийликтери бозгунда жүргөн оппозиция лидери жана эркин журналист Додожон Атовуллаевди камакка алууга 23-сентябрда буйрук берди. Тажик Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Ватандор кыймылынын жетекчиси, Чароги-Руз гезитинин редактору Додожон Атовуллаевге "президентке акаарат келтирип, өлкөнү туруксуздаштырууга аракеттенген" деген айып коюлууда. Эми Орусиянын укук коргоо органдары тажик бийлигине “өлкө душманын” кармап береби же жокпу, ачык суроо бойдон калууда.

Тажикстандык оппозиция бел туткан эркин журналист Додожан Атовуллоев 2001–жылдан бери батыш өлкөлөрдө бозгунда жашап келет. Азыр ал орусиянын ордо калаасы Москвада баш паана тапкан.

Тажикстан эгемендикти алганда ал абдан күчтүү оппозициячыл маанайдагы “Чароги руз” гезитин түптөйт. Тажик бийлигин кескин сындаган макалалары үчүн анын гезити жабылууга дуушарланат да, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон Атовуллаев гезитин интернет мейкиндигинде чыгара баштайт.

Ушундан улам ал кысымга алынат. Бирок журналисттин айтымында чыныгы кысым анын оппозициячыл “Ватандор” («Мекенчил») саясий кыймылын түзгөндөн кийин башталып, ар түрдүү коркутуп үркүтүүлөргө дуушар болгон.

Эми расмий Дүйшөмбү ага каршы кылмыш ишин козгоду. Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Махмадали Асадулоев козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу «Азаттыкка» буларды айтты:

- “Чароги Руз” гезитинин башкы редактору, Тажикстандын атуулу Додожан Атовуллоевго 2007-2008-жылдары “Фергана.ру” жана “Чароги Руз” гезитинин интернет баракчалары аркылуу Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнө тынымсыз акаарат келтирип, бийликти күч менен тартып алууга ишаара кылып, жергиликтүү калкты төңкөрүш уюштурууга козутту деген айып тагылууда. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин 307-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Учурда Атовулоевди кармоонун жол жоболору талкууланууда.

Ал эми Додожан Атовуллоев “Азаттыктын” Тажик кызматына курган маегинде ага каршы козголгон кылмыш иши ал үчүн жаңылык болбой тургандыгын билдирген. Анын айтымында, Москвада жүргөн учурда да такай коркутуп үркүтүүлөргө кабылып келет.

-Мындай нерселер мен үчүн жаңылык деле эмес. Мен коркпойм, тескерисинче, алар менден коркушат. Чындыкты ачык айтуу жолун тандап алган журналисттик кесибимди токтотпой уланта берем. Тажик бийлиги бизге кошул деп бир нече жолу мени сатып алуу аракетин көрүштү. Мен өзүмдүн түшүнүктөрүмдү эч кандай алмаштырбайм.

Ушуну менен оппозициячы журналистке өз мекенинен үчүнчү ирээт кылмыш иши козголууда.

Бул боюнча расмий Москва Тажик бийликтерине Атовуллоевди кармап берүүгө кол кабыш кылабы же жокпу, азырынча эч үн ката элек.

Тажикстандын белгилүү укук коргоочусу Нуридин Каршибоев эркин журналист кармала турган болсо, анда Тажикстанда сөз эркиндигнин акыркы аралчасы жок болот деп “Азаттыкка” билдирди.

-Менимче, эгерде орус бийликтери эркин журналистти кармап, Тажикстан бийлигине өткөрүп бере турган болсо, бул чоң катачылык деп эсептейм жана бул сөз эркиндигинин абалын эбегейсиз кооптуу абалга кириптер кылат.

Тажикстан бийлигинин Додожон Атовуллоевге каршы иш-аракеттери интернет мейкиндигинде башка дагы журналист, публицист, укук коргоочулар жана нечендеген карапайым санаалаштары тарабынан курч сынга алынууда.

XS
SM
MD
LG