“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” “өткөн жылкы референдум жана парламенттик шайлоонун жыйынтыктары кандай бурмаланып, кандай технологиялар менен бийликчил партия жеңишке ээ болгону тууралуу БШКнын экс-төрайымы Кабилова толук маалымат берүүгө милдеттүү. Анткени, жарандык коом чындыкты талап кылган менен борбордук мекеменин башында туруп, ага өз убагында жол бербегенин тарых кечирбейт” деп билдирди. Ошон үчүн азыр да чындыкты айтып, элдин көксөөсүн суутса кеч болбойт деген Азиза Абдрасулова Кабилованын бийлик машинасына каршы чыкканын кубаттап, анын чечимин эрдик деп баалады. Анын баамында, бирок Кабилова өлкөдөн качып кетпей туруп чындыкты айтып чыкса укук коргоочулар анын коопсуздугун камсыз кылууга даяр болчу.(BD)
13:25 А.Абдрасулова: “Коом Кабилованын өткөн жылкы шайлоо жана референдум тууралуу толук билдирүүсүнө муктаж”