Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

13:55 А.Бекназаров: “Башкы прокуратура шайлоодогу мыйзам бузууларды жашыргандыгы үчүн К.Кабиловага каршы кылмыш ишин козгоого тийиш”


Кыргызстандын экс-башкы прокурору Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилованын референдум жана парламенттик шайлоо мыйзам чегинде өттү деген билдирүүсүнүн негизинде Конституция ишке киргизилип, азыркы Жогорку Кеңеш менен өкмөт иштеп жатат. Ал БШКнын жетекчиси катары мына ушул мамлекеттик бийлик бутактарынын негизин түзүүдө мыйзам бузуулар болгондугун жашырып, бийлик каалаган жыйынтыкты жарыялаган болсо мыйзам алдында жооп берүүгө милдеттүү. Андан тышкары жарандык коом менен оппозициячыл партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланды жана ага бийликке жакын топтор таасир берди деген билдирүүлөрүн эске албагандыгы үчүн да жооп берүүгө тийиш деген Азимбек Бекназаров Кабилованын азыр өз керт башына кыйынчылык түшкөндө билдирүү жасаганы укуктук жактан жеңилдетүүчү гана жагдай болорун баса белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG