Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

07:20 Президенттин уулу Максим Бакиев шейшемби күнү маалымат жыйынын өткөрүшү күтүлүүдө


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” ишембиде билдирди. Анын айтымында, ал 27-сентябрда Максим Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “БШКнын төрайымы Клара Кабилованы коркуттуң беле? Эгерде сиз Кабилова айткандай аны коркутсаңыз бул мыйзамга сыйбаган жорук” деген мааниде суроо узаткан. Максим Бакиев болсо Акыйкатчыга БШКнын төрайымына телефон чалбаганын, аны менен сүйлөшпөгөнүн айтып, Кабилованын билдирүүсү карандай калп экенин билдирген. Ал ошондой эле бул маселе боюнча шейшемби күнү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрөрүн айткан. Өткөн бейшембиде “Акыйкат үчүн” кыймылдын мүчөлөрү БШКнын төрайымы Клара Кабилованын видео кайрылуусун маалымат жыйынында жарыялашты. Анда Кабилова президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан ага коркутуп-үркүтүүлөр болгонун, өмүрүнө коркунуч туулгандыктан чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгонун жарыялаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG