Анда Клара Кабилованын БШКа төрайымы кызматынан алуу менен президент видеокайрылуунун мазмуну акыйкат экенин моюнга алды. Бул кайрылуу БШК президенттин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын басымында турарын далилдеди, мындай шартта адилет шайлоо мүмкүн эмес, деп белгиленген. Оппозициялык күчтөр өткөн жылдагы парламенттик шайлоо жана референдумдун жыйынтыгын тааныбастыгын билдиришкен. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн “Ак шумкар” партиясы үч пунктан турган чечимдерди сунуштайт. Биринчи,БШКнын мүчөлөрүн кызматтан алуу, экинчи Жогорку Кеңешти таратып, өкмөттү кызматтан кетирүү, үчүнчү убактылуу өкмөт түзүп, Конституциялык реформа жүргүзүп, анын негизинде жаңы парламент жана өкмөтту шайлоо. Жаңы парламент жаңы президенттик шайлоо өткөрүүгө тийиш. “Ак шумкар” партиясынын билдирүүсү бүгүн таратылды.(AiT)