Бул тууралуу «Азаттыкка» Сүлүктү шаарынын башчысы Абдукахар Малаев 29-сентябрда билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдардагы карыздары кошулуп отуруп, каржы министрлигинин карамагына кирген бюджеттик мекеме-уюмдар жана мектептер Сүлүктү шахтыларынан баардыгы болуп 3 млн. 800 миң сом карыз болушкан. Ал эми каржы министрлиги учурда бул сумманы төлөөдөн баш тартып, анын себебин шаарларды каржылоо министрликте каралбагандыгы менен негиздөөдө.(SA)