Жакында эл аралык «Трансперенши интернешнл» уюму Кыргызстанда коррупциянын деңгээли былтыркыдан бир топ жогорулаганын жарыялады. Президент К.Бакиев өткөн аптада келип, облустун активи менен жолугушканда жемкорлук азайгандыктан экономика өсүп, социалдык багытта ар тараптуу иш жүрүп жатканын ачыкка чыгарган эле:
- Коррупция бир топ төмөндөдү. Бирок жок болуп кетти деп мен айта албайм. Проблемалар көп. Бирок ошонун деңгээли төмөндөгөн үчүн мамлекеттин бюджети эки эсе көбөйдү эки жарым жылдын ичинде.
Бирок мындай аныктама менен коомчулуктун өкүлдөрү макул эмес. Микрофонго сүйлөөдөн баш тарткан адвокаттын пикири боюнча, маселен, 500 сом же миң, болбосо үч-төрт миң сом алганы үчүн айыл-район, шаардык деңгээлдеги майда-чүйдө кызматкерлер кармалган болот. Эмдигиче өкмөттүк деңгээлдеги адамдардын колго түшүп, капаска түшкөнүн жалпы журт уга элек.
Жабырлануучулардын таламын талашкан адам укугун коргоочу Абдиназар Маматисламов сот жана тартип коргоо уюмдарындагы паракорлукту такай баамдоодо. Анын белгилешинче пара берүү, пара алуу салтка айланып калды. “Жазамды жеңилдет” деп пара берген соттолуучу менен анын бергенин алган мамлекеттик кызматкер өз ара бүтүмүн шардана кылбайт. Антсе экөө тең жоопко тартыларын алар билет. Жол кырсыктарын азайтуу үчүн эрежени бузган айдоочуларга салынчу айып пулдун көбөйүшү – МАИ кызматкерлерине оңтойлуу шарт түздү. Тартип сактабаган айдоочу белгиленген айып пулдун үчтөн бирин берип койсо, кутулуп кеткенин көрүп жүрөбүз дейт Абдиназар Маматисламов:
- Коррупция өнүгүп жатат. Элдер сүйлөшүп турганда кадимкидей баалашып жатышат. Кимге канча бериш керек же канча берип ишти бүтүрдү. Кечээ Таш –Көмүрдөн бир аял келип айтып жатат, мени сурабай эле бир тараптуу карап, наркы жактын пайдасын чечип койду деп. Дагы бирөө айтып жүрөт, мынча акча бердим сотко деп. МАИ тармагын ала турган болсок көчөлөрдө көрүп турабыз. Төлөмдөрдү көбөйтүп койду аны менен мамлекетке көп акча түшпөйт. Мурда 10 сом менен чечилип жатса, азыр 50-100 сом менен чечилип жатат.
Соода-сатык менен үй-бүлөсүн багып жүргөн Людмила Жамилова, Гүлсара Масаитова жана бир топ аялдар акча өндүрүү максатында түрдүү тармактан мыйзамсыз текшерүүлөр болуп келгендигин билдиришти.
Жемкорлукту азайтуу үчүн тиешелүү кызматкерлер өз аракеттерин жасоодо. “Ак жол” партиясынын жаштар канатынын төрагасы Майрамбек Адылбековдун ушундай пикири боюнча “саясатчылар менен бийликтин сынчылары коррупция көбөйдү, ага каршы иш болбой атат”, дегенге көнүп алышкан. Кемчилиги үчүн мамлекеттик мурдагы эки кызматкердин абакта жатышы да – коррупцияга урулган соккунун үзүрү дейт Майрамбек Адылбеков.
- Коррупцияга каршы күрөшүүдө бирөөнү соттоо, жогорку мамлекеттик органдагы адамдарды иштен алуунун жыйынтыгы дайыма каршы пикирлерди айтуу менен биз акпыз, биз саясий куугунтук жеп, кысым болуп жатат деген билдирүүдөр болуп жатат. Эң негизгиси коррупциялык жолго бардыбы, күнөөлүү деп табылган адам коррупционер деп аталат.
Коррупция мекеме, уюмдардын бардыгына жайылган. Жалал-Абат шаар тургуну Шухрат Айтиевдин оюнда ага каршы күрөш алымсындырбайт:
- Коррупция эң өөрчүгөн тармактын бири бул - билим берүү тармагы. Бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейин өнүккөн. Мисалы, бир зачет 50-100 сом. Экзамендер 200 сомго чейин. Эми бул жерде ар кайсы окуу жайдын баалары бөлөк-бөлөк болот.