Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 15:16

Беларуста оппозициянын бир да өкүлү жеңишке жеткен жок


Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициядагы партияларынын бир да өкүлү жеңишке жетишпегенин билдирди. БШКнын маалыматына караганда, Беларус парламентиндеги 110 орундун баарын президент Александр Лукашенкого ыктаган саясатчылар алчудай. Шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө алдыдагы жума күнү бекитилет. Беларус оппозициясы болсо кечээги саясий өнөктүктү калп, адилетсиз жана легитимсиз шайлоо деп атады. Бул шайлоо президент Александр Лукашенконун режими менен Батыштын мамилесин жакшырар-жакшырбасын аныктоочу окуя катары күтүлгөн.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG