Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

ТОГУЗ КОРГООЛЧУЛАР ЧЕХИЯДА ТАЙМАШТЫ


Жаңыл Жусубжан, Прага ш. Ушул жекшембиде жана дүйшөмбүдө Чехиянын баш калаасында кыргыздардын жана башка чыгыш элдеринин тогуз коргоол оюну боюнча эл аралык таймаш өттү. Прагадагы мелдешке ар кыл өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан, Казакстандан, Испания, Чехия, Словакиядан акыл спортчулары катышып, жеке таймашта павлодарлык студент Серик Актаев биринчи орунду алды. Экинчи орун да казактарга тийип, кыргыздардан спорт чебери Камчыбек Касымов үчүнчү байгеге татыды.

Праганын чок ортосундагы Тершув дум деп аталган спорт борборунун үчүнчү кабатындагы залда 10 чакты спортчу жуп-жубу менен отурушту, улам бири коргоолдорду шак-шак алып, оюктарга шакылдатып чачып, убакытты белгилешет да, кезекти атаандашына берет.

Ар бир оюн жарым саат созулат. Ошого чейин каршы тараптан аз дегенде 81 коргоолду өз казаныңа салып алышың керек, жетишпей калсаң ордуңа башка жуптан жеңген бирөөгө орун бошотосуң.

Ар кыл улуттун өкүлдөрү менен аралаш 3 кыргыз, 2 казак да улам чогуу ойноп калышат.

Бир жолкусунда бир кыргыз менен бир казак такта талашып кетишти. Казак бир түстөгү тактада ойнойм десе, кыргыз бир тарабы ак, бир тарабы көк тактада ойнош керек деп көгөрдү.

Кыргыз менен казактын талашы тактанын түсүндө гана эмес экен. Кыргыздар бул байыркы акыл оюнун «тогуз коргоол» десе, казактар алардан озунуп элдерге "тогуз кумалак" деп таркатып ийишиптир.

Мелдеш өтүп жаткан жерде да "toguzkumalak" деп, болгондо да эки сөздү бириктирип жазып коюшуптур. Бирок Кыргыз тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов мага кыргыздар өз укугун мындан ары да талаша берет деп айтты:

- Казактар бизден озунуп, биздин оюнду «тогуз кумалак» деп жайып жиберишиптир. Бирок биз бардык жерде биздин оюндун аты «тогуз коргоол» деп айтып жатабыз.

Бул сөз талашы кандай чечилээри белгисиз (дегиңкиси, бул эки сөз тең кыргыз лексиконунда бар), ал эми акыл талашында акыры казактар утуп кетишти.

Баш байге алган Серикке микрофон сундум:

- Мен Павлодардан болом, атым Серик Актаев. Павлодар университетинде окуйм, 20 жаштамын. Төрт башка оюндарда чемпион болгом. Казакстанда тогуз кумалакты 10 миңдей киши ойнойт. Мугалимдер, мекеме кызматкерлери, студенттер, жумушчулар арасында сайыштар такай өтүп турат. Кыргызстандык оюнчулар күчтүү, Казакстан менен тең тайлашып ойноп келатышат.

Оюндун соңунда медалдарды тапшырганда оюндун уюштуруучусу, Чехиядагы такта оюндарынын Палуба клубунун өкүлү Давид Котин бул оюн кыргыздарда «тогуз коргоол», ал эми казактарда «тогуз кумалак» деп аталат деп эки тарапка тең ишарат кыла сүйлөдү.

Ал эми көчмөндөрдүн бул байыркы ойнун ойноп жаткан чет элдиктер кимдер?

Алардын бири Виктор Баутиста экен:

Ал Испаниянын Барселона шаарынан экенин, тогуз коргоолду кантип үйрөндүңөр деп сурасам, оюн тууралуу китептен көп жылдар мурда окуганын, ал эми ойногонду Казакстандан тогуз кумалак тууралуу үч тилде китеп жазган, ушул жолу экинчи орунду алган түрк таануучу илимпоз, филология илимдеринин кандидаты Максат Шатоев ага мындан эки жыл мурда алып келип бергенден кийин үйрөнгөнүн билдирди.

Ал эми Виктордун жанындагы Ян – Чехиядан. Ал да мындан эки жыл мурда чехиялык Пардубице шаарында өткөн мелдеште биринчи жолу тогуз коргоолду көрүп, ошондон кийин кызыгып калганын айтты.

Бул мелдешке Кыргызстандын өкмөтү эки спортчуну машыктыруучусу жана жетекчиси менен кошо жиберип, бүт чыгымдарын төлөп берген.

Бул тууралуу команданын жетекчиси Искендер Кожокеев «Азаттыкка» мындай дейт:

- Мен Кыргыз республикасынын өкмөтүнө караштуу дене-тарбия, спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адисимин. Тогуз кумалакты бул жерде ойноп отурган Кубат Картаңбаевдин күчү менен интернетке киргизгенбиз. Бул жакка кыргыз-казак таймаштарында иргелген оюнчулар келди. Тогуз коргоолдун Европага, дүйнөгө жайылып жатышы бизди абдан кубандырат.

Эми тогуз коргоолчулар Прагада шаршемби күнү жаш балдарды үйрөтүшөт. Ал эми командалык мелдеште Камчыбек Касымов кыргыздардын саны көп болгондуктан, алар казактарды сөзсүз жеңип алат деп ишендирди.

(Сүрөттө - казакстандык тогуз коргоолчулар (тогуз кумалакчылар) Максат менен Серик «Азаттык үналгысынын» Прагадагы чакан студиясында. 29-сентябрь 2008-жыл.)
XS
SM
MD
LG