БУУнун качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын маалыматына караганда чегара районунда Пакистандын жоокерлеринин талип согушкерлерине каршы күрөшүнөн чочулашып 20 миңге чукул адам Ооганстанга өтө качкан. Пакистандын Bajur облусундагы 4 миң пакистандык үй-бүлө Ооганстандагы Kunar аймагынан баш паанек издешүүдө. Эки ай мурда Ооганстандагы эл аралык аба күчтөрү Пакистандагы уруулар жайгашкан вилайетине чабуул жасап, миңдеген адамдар Пакистандын башка аймактарына кетүүгө мажбур болушкан.