Билдирүүдө кыймыл уюштурган “Кыргызстандын экономикалык стратегиясы” форумунун катышуучулары экономикадагы кризистик кырдаалга өкмөт күнөөлүү деп таап, президент К.Бакиевге өздөрүнүн сунушу менен чыкканы маалымдалат. Сунушта өкмөттү тезинен кызматтан кетирүү, кеңири ыйгарым-укуктуу антикризисттик өкмөт түзүү жана кризистен чыгуу үчүн атайын программаны иштеп чыгуу каралган. Бул тууралуу Бирдиктүү Кыргызстан кыймылынын лидери Амангелди Муралиев бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.(AiT)