Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:28

12:40 Башкы прокуратура Максим Бакиевди суракка алды


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан"Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка караганда, БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында президенттин уулу Максим Бакиев бүгүн Башкы прокуратурада суракка алынды. Сурак бир саатка созулду. Бирок Башкы прокуратура тергөөнү жашыруун жүргүзүү талаптарына ылайык Максим Бакиевдин көрсөтмөлөрүн ачыктоодон баш тарткан. Клара Кабилованын видеокайрылуусун жарыялаган оппозициялык саясатчылар 2-октябрда күбө катар суракка чакырылмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG