Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

16:28 Өкмөт башчы Аксы районунда болду


Премьер-министр Игорь Чудинов райондогу Кош-Дөбө - Кербен жана Кербен-Ала-Бука унаа жолдорунун курулуш иштери менен таанышты. Аксыдагы чек арачылар менен жолугушуп, Кербен жана Чаткал районундагы Акташ чек ара бекеттерине 100 миң сомдон жардам тапшырды. Аба ырайына байланыштуу ал Чаткал районуна баралбай калды. Аксыда райондун активи менен баарлашып, анда кышка даярдыктын жүрүшү жана электр жарыгын үнөмдөө маселеси талкууланды. Облус тарабынан мурда өкмөткө төрт жаңы чек ара бекети менен атчан чек ара тобун жана чек ара отрядын эки жерде уюштуруу сунушу берилген. Анткени чек аранын узактыгы аны күзөтүүдө кыйла машакаттарды жаратууда.(YA)

XS
SM
MD
LG