700 миллиард доллардык мурдагы планды өткөн түнү Конгресс четке какты. Буш буга "өкүнүчүн" билдирди. План четке кагылгандан кийин Уол Стритте акциялар 7 пайыздан ашыкка арзандап кетти. Азияда да 4 пайыз төмөндөө болду. Европада соода төмөнкү көрсөткүчтөн башталды. Орусияда биржалар соода-сатык башталгандан көп өтпөй токтотулду.