Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

07:20 Э.Каптагаев: Бүгүнкү бийлик атуулдарын коргой албайт


БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын бүгүнкү күндө өмүрүнө коркунуч туулуп, чет өлкөгө качып кетиши, бүгүнкү күндө Кыргызстанда адамдардын укугу мамлекет тарабынан корголбогонунун далили деп билдирди “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев. Ал ошондой эле Кабилова бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы пикирин ачык билдирип чыккан бирден бир мамлекеттик жетекчи экенин белгилеп, анын мындай кадамын эрдик катары баалады. Ал эми Бирдиктүү Кыргызстан кыймылынын мүчөсү Токтайым Үмөталиева болсо “Клара Кабилова өлкөнү оор абалга кириптер кылып таштап качып кеткени саткынчылык, эгерде өлкөнүн тагдырына чындап күйгөн атуул болсо БШКнын төрайымы болуп турганда бийликтин кетирген катачылыгын коомчулукка ачык айтып чыгышы керек эле”,- деди. (AJ)

XS
SM
MD
LG