Адам укуктары боюнча өтүп жаткан Варшавадагы эл аралык жыйында бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун өлкөдөгү ММК каражаттарынын абалы, сөз эркиндиги тууралуу доклад жасайт. Ал “Алиби”, “Де-факто” гезиттеринин соттолушу жана аларга карата чектөөлөр тууралуу билдирет. Бул тууралуу Акыйкатчы “Азаттыкка” Польшадан кабарлады. Ал ошондой эле 29-сентябрда эл аралык конфренцияда Кыргызстандагы адам укуктары боюнча оң жана терс жактары тууралуу маалымат бергенин айтты. Оң жактары деп өлүм жазасынын алынып салынышын, кыйноолор боюнча конвенциянын ратификацияланышы сыяктуу маселелерди белгилеген. Ал эми терс жактары катары Бишкек шаардык кеңештин тынч митингдерди өткөрүүнү чектеген чечимин, убактылуу кармоочу жайлардагы адам укуктарынын тебелениши жана башка бир катар орчундуу маселелерге токтолгон.Оштогу көз карандысыз укуктук топтун өкүлү Улук Азимов болсо сот тармагындагы акыйкаттык, адилеттик жөнүндө доклад жасаган. Варшавада өтүп жаткан ЕККУнун адам укуктары боюнча эл аралык конференцияга Кыргызстандан Акыйкатчы баш болгон 5 делегат катышууда. (AJ)