Буга байланыштуу жере-жерлерде мамлекеттик жетекчилер жана калкты социалдык жактан коргоо кызматынын өкүлдөрү кары-картаңдар менен жолугушуп, аларга моралдык жана материалдык жардам беришүүдө. Кечээ мамлекет башчы Курманбек Бакиев өзүнүн куттуктоосун жолдогон. Башкы прокуратура пенсия жашындагы ветеран кызматкерлерге 1000 сомдон акчалай жардам берген. Мындан тышкары өлкөнүн аймактарындагы карылар үйлөрүнө да материалдык жардамдар берилди.
1-октярбь – улгайган адамдардын күнү болуп 1990-жылы 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген.(ZKo)
1-октярбь – улгайган адамдардын күнү болуп 1990-жылы 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген.(ZKo)