Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Ж.АКИМАЛИЕВ: МАЛ ЫЛАҢДАРЫНЫН АЛДЫН АЛБАСА АРТЫ ЖАМАН БОЛОТ


Өткөн аптада кыргыз өкмөтү мал чарбачылыгы, ветеринария жана жайыттар боюнча илим изилдөө институтун экиге бөлүп, кайра түздү. Муну өкмөт мал чарбачылыгы жана ветеринария тармактарындагы изилдөөлөрдү тереңдетүү максаты менен байланыштырды. Мындай аракет мал ылаңы опсуз күчөп турган бүгүнкү жагдайда кандай огожо боло алат? Бул багытта “Азаттыктын” суроолоруна академик Жамин Акималиев жооп берди.

- Азыр ветеринария, мал чарбачылыгы жаатында илимий изилдөөлөрдүн акыбалы кантип жатат?

-
Акыбалы начар эле. Өкмөттүн эки институтту ажыратып, өзүнчө түзгөндүгү абдан туура жанат талапка ылайык деп эсептейм. Анткени мал чарба илим изилдөө институнун иши бул өзү малдын баардык түрлөрүнүн асыл-тукумун камсыз кылып, малды жана аны багууну илимий негизде жүргүзүп жана биздин жайыттарды жакшыртууга орчундуу иштерди жүргүзүшү зарыл. Ал эми илимий изилдөө ветеринария институтунун иши таптакыр башкача жанан анын иши малга гана эмес, адамдын да ден-соолгуна түздөн-түз байланыштуу.

- Кандайча бул маселе көтөрүлүп атат. Ветерианрия менен адамдын ден-соолугунун саламаттыгы ал өзүнчө тармак го саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү?

-
Медициналык дарыгер бир адамды дарылай турган болсо, ветеринария медицинасы бүткүл адамзатты дарылайт деген илгертен берки сөз бар. Анткени кийинки учурларда биздин Кыргызстанда мурда жоюлуп кеткен өтө орчундуу ылаң оорулар пайда болуп, ошону менен жалгыз гана мал эмес, адамдар да ооруп, алардын алды көз жумуп кетишти. Бул өзү өрткө барабар, муну өз убагында өчүрбөсөк, анда келчекте жер титирегенден дагы жаман болот.

- Азыр эми жана сиз эскертип кеткендей, күйдүргү, чечек сыяктуу оорулар пайда болуп атат. Ушунун себеп жайын окумуштуулар иликтеп атабы, мунун себеби эмнеде жана муну болтурбай коюнун, алдын алуунун кандай чаралары бар деп атышат?

-
Мына ушул максатта ветеринария институту өзгөчө бөлүнгөндүгү абдан туура деп атам. Себеби буга көңүл бурбасак чатак болот. Мисалы мурун Совет доорунда деле, малдын шарп деген оорусу, брюцеллез, туберкулез, өпкө, боордун курттап кеткендиги, ушундай оорулар орчундуу болгон. Азыр да бар. Эми кийинки учурларда өзгөчө быйылкы жылы күйдүргү деген өтө коркунучтуу оору малдын эти аркылуу адамдарга өтүп, ушул кезде Кыргызстан боюнча 50дөн ашык адам ушул ылаңга учурап алды жаман акыбалдарга келип атат. Мына ушул ооруларды алдын алып, аны болтурбоого, малдын сак кезинде аларды жакшы вакциналар менен эмдөө жана ооруп калган малдарды айыктырып элге жугузбоо иштерин жүргүзө турган ушул ветеринардык илимий изилдөө институтут болуп эсептелет. Анын үстүнө бул институтка шарт түзүлүп атат, ошондуктан мына ушуларды ишке ашырса анда малдын гана эмес, адамзаттын да ден-соолугун оңдоого мүмкүнчүлүк болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG