Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Талибандын Пакистандагы бөлүмү өз лидеринин өлүмү жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөдү


Байтулла Мехсуд узак созулган оорудан кийин каза тапканын пакистандык телеканалдардын бири кабарлаган эле. Талибан кыймылы бул маалыматты жокко чыгарса, Пакистандын коопсуздук өкүлдөрү ал чын эле катуу оорулуу, бирок али тирүү экенин маалымдады. Байтулла Мехсуд Талибандын Пакистандагы канатын жетектейт, анын согушкерлери Ооганстан менен чектеш, уруулар жашаган Вазирстан чөлкөмүндө жайгашкан. Пакистандын мурдагы өкмөтү жана АКШнын чалгын кызматтары аны былтыр декабрда Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхутто киши колдуу болушунун артында турганы үчүн айыптаган болчу. Бирок Мехсуд мындай ырастоолорду четке каккан. Пакистан бийликтери ошондой эле жанкечтилердин чабуулдарын да Мехсуддан көрүшөт. Бул аралыкта АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагы бүгүн Пакистандын Түндүк Вазирстан чөлкөмүнүн Мир–Али шаарынын жанындагы кыштактардын биринен бир үйгө ракеталык сокку урганда, кеминде беш адам өлүп, алтоосу жаракат алды. Түндүк Вазирстан Пакистан аймагынан Ооганстанга кол салган "ал-Каида" жана талиб согушкерлеринин таяныч бекети катары эсептелинет.

XS
SM
MD
LG