Бул тууралуу Ош облусук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда 1-октябрда Ноокатта Орозо айтты майрамдоого жер берилбегендигинен улам жаңжал чыккан. Өздөрүн жергиликтүү элдин ичинен чыккан демилгелүү топ деп атаган адамдар Орозо айт майрамын белгилөө үчүн райондук администрациясынын алдындагы аянтты сураган. Райондук администрация ал жерди берүүдөн баш тартканда эртең менен намаз окуй албаган адамдар акимчиликтин имаратын талкалап салышкан. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. (AJ)