Польшанын борбор калаасында адам укуктары боюнча өтүп жаткан конференцияда Адам укуктарынын эл аралык федерациясы жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюму ЕККУга мүчө айрым өлкөлөрдө адам укуктарынын начарлап, көз карандысыз жарандык уюмдарга кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Буга ЕККУнун көңүл буруусун өтүнгөн жогорудагы уюмдар жарандык уюмдарга кысым көрсөтүлүп жаткан өлкөлөрдү атап, алардын арасында Кыргызстандагы өткөн жылдагы окуялар тууралуу маалымат берилген. Анда укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова баш болгон 18 укук коргоочунун милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камалышы, укук коргоочулар Максим Кулешов, Назгүл Турдугулова, Жибек Исмаилова жана Мирсулжан Намазалиев баш болгон жаш саясатчыларга соттун административдик айыпка тартышы айтылган. (AJ)
08:40 Варшавадагы жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат айтылды