Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

АКШнын Сенаты каржылык колдоо планын колдоду


АКШнын Сенаты каржылык куткаруу боюнча 700 миллиард доллар акча каражатын бөлүү планын колдоп добуш беришти. Маалыматака караганда, сенаторлордун 74 макул, 25 каршы добуш берген. Сенатта добуш берүүгө президенттикке талапкер сенаторлор Жон Маккейни менен Барак Обама шайлоо компанияларын убактылуу токтотуп Вашингтонго келишкен. Кризиске кабылган каржы системасын колдоо үчүн бюджеттен 700 миллиард доллар акча каражатын ажыратуу планды ушул дүйшөмбүдө Конгресстин өкүлдөр палатасы четке каккан эле. Буш эл өкүлдөр палатасы жума күнү бул маселеге кайрылып, өкмөттүн сунушун бекитерине үмүт кыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG