Бүгүн Сент-Луис шаарында (Миссури штаты) вице-президенттикке талапкер демократ сенатор Джо Байден менен Республикачыл партиядан Аляска штатынын губернатору Сара Пейлин АКШнын ички жана тышкы саясатындагы учурдагы маанилүү маселелерди талкуулашат. Бул Байден менен Пэйлинин ортосундагы пландаштырылган бирден-бир теле таймаш. АКШнын президенттигине талапкерлер демократ Барак Обама менен республикачыл Жон Маккейни буга чейин бир жолу бетме-бет таймашка чыгышкан. Малыматка караганда, алардын эки телетаймашы 7-15-октябрда болот.