Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Хавьер Солана: Европа Биримдиктин байкоочулары Грузиянын “буфердик аймагына” киргизилди


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча ведомоствосунун башчысы Хавьер Солана Европа биримдигинин байкоочулары Грузиядагы ишин баштаганын, Орусиянын аскерий кызматы Түштүк Осетия менен Абхазиянын айланасындагы “буфердик аймакка” кирүүгө уруксат бергендигин билдирди. Грузияда учурда Европа биримдигинин куралсыз 200 байкоочусу бар. Алар Орусия менен Грузиянын тынчтык келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышына көзөмөл кылат. Келишимде Орусиянын бардык аскерий күчтөрүн буфердик аймактан 10-октябрда чыгарып кетүү каралган.

XS
SM
MD
LG