Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

11:20 Ноокаттагы чатак боюнча “Массалык баш-аламандык” беренеси менен кылмыш иши козголду


Ош ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча ушул тапта чатактын келип чыгуу себептери аныкталууда. Ошондой эле азыр Ноокаттагы кырдаал милициянын көзөмөлү алдында турат. Учурда милициянын 100дөн ашуун патрулдук кызматкерлери кырдаалга көз салып турушат.
Кечээ Орозо айт намазын борбордук аянтта окууга уруксат берилбеди, деген себеп менен бир топ адам Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын имаратын талкалап, чатакты басууга аракет кылган милиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Ош ИИБнын атайын отряды келип кийлигишкен соң, баш-аламандык кылгандар тарап кетишкен. Райондук аким жана күч органдары бул окуяны аймактагы Хизб-ут-Тахрир партиясынын мүчөлөрү жаш балдарды жана аялдарды тукуруу менен жасагандыгын белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG