Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

12:00 Ат-Башы районунун бир катар мектептеринде иш таштоо болот


Мындай маалыматты Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин мугалими Капар Өмүрзаков «Азаттыкка» телефон аркылуу билдирди. Анын айтымында райондогу Карыбек уулу Акматаалы, Жумамүдүн Шералиев атындагы жана Ой-Терскен орто мектептеринин мугалимдер тобу 6-октябрда иш таштоого чыгышмакчы: «Педагогикалык стаж боюнча кошумча төлөөлөр райондогу мектептердин айрым мугалимдерине толук төлөнгөн болсо, бизге эмне үчүн берилбейт»,- деген Капар Өмүрзаков мындай жагдай боюнча өткөн апта аягында жергиликтүү бийликке, укук коргоо органдарына билдирүү жасагандыктарын кошумчалады. Ат-Башы районунун акими Конокаалы Мааткабылов отуздай мугалим кол койгон билдирүүнү алгандыктарын жана буга байланыштуу учурда түшүндүрүү иштери жасалып жаткандыгын айтат.
Облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча облустун мугалимдерине өкмөт педагогикалык стаж боюнча 96 миллион сом карыз. (KUs)

XS
SM
MD
LG