Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

13:10 Ноокаттагы баш-аламандык учурунда 5 милиционер жабыркады


ИИМ маалымат кызматы кабарлаганы боюнча милиция кызматкерлерине баш-аламандык учурунда таш тийген. Мындан тышкары райондук акимиат имаратынын 40тан ашуун терезеси жана Ош ИИБнын атайын отрядын ташыган автобустун айнектери талкаланган. Кечээ эртең менен саат 10 чамасында Ноокат райондук админстрациясынын алдына чогулган 100-150 киши Орозо айтка карата тамак таратууга уруксат берилбегендиги үчүн чатак чыгарышкан. Алар район жетекчилигинин сөзүн укпай, ага “Аллах акбар” деген кыйкырык менен жооп кылышкан. Ошондой эле топтун ичиндеги жаш жигиттер имаратка жана абалды көзөмөлдөп турган милиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG