Темир Сариевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча суракты башкы көзөмөл органынын Манас Кадыралиев аттуу тергөөчүсү жүргүзүүдө. Тергөөчү негизинен Кабилованын видеокайрылуусу жазылган диск “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөлөрүнө кандайча тийгендигине, андагы Клара Кабилова сүйлөгөн текстти ким түзгөндүгүнө кызыккан. Мындан тышкары Темир Сариевге БШК мурдагы төрайымынын азыркы турган жери белгилүүбү, аны менен байланыш барбы, деген суроолор берилген. “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери сурак өтө сылык мүнөздө жүргүзүлгөндүгүн белгилеп кетти.
Буга чейин “Азаттыктан” кабарлангандай Клара Кабилованын видеокайрылуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча 2-октябрда “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Чолпон Жакыпова сурак берүүгө чакырылышкан. Булардан тышкары ЖК депутаттары, социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов жана Бакыт Бешимов суракка чакырылып, бирок алар ЖК депутаттары тууралуу мыйзамга негиздеп, Башкы прокуратурага баруудан баш тартышкан.(ZKo)