Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

18:15 Август айында бөлүнгөн күйүүчү май баткендик дыйкандарга жете элек


Бул тууралуу облустук акимчиликтин аградык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мунарбек Добутов 1-октябрда «Азаттыка» маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын август айында мамлекеттик резервден Баткен облусуна бөлүнгөн 278 тонна күйүүчү майдын учурда дыйкандарга болгону алты тоннасы жекирилген. Калган бөлүгү учурда Кызыл-Кыя шаарында сакталып турат. Мунун себебин облбийлик айыл өкмөттөрдүн уюштурумдуулугу жоктугу менен түшүндүрүүдө. Мамлекет бөлгөн дизель майынын баасы 28 сомдон. Ал эми учурда Баткен шаарында бул күйүүчү майга болгон баа 35 сом. (SA)

XS
SM
MD
LG