Борбордук Азия университетинин алдындагы үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин иштиктүү англис тили программасы боюнча 17 студент, бухгалтердик эсептин технологиясы программасы боюнча 12 бүтүрүүчүгө сертификаттарды аталган университеттин директору Багдан Кравченко, республикадагы “Ага Хан” өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Нуржахан Мавани менен Миграция жана жумуштуулук боюнча комитеттин башчысы Айгүл Рыскуловалар тапшырышты. Анда белгилүү болгондой Борбордук Азиядагы мамлекеттердин жаштары үчүн 20 жарым миллион долларга Нарын шаарында студенттик шаарча куруу иштери болжолдонулууда. Ал үчүн Нарын районунан жана Нарын шаарынан 252 гектарга чукул жер бөлүнүп берилген. Эске сала кетчү жагдай, буга чейин мындай универститет Тажикстандын Хорог шаарында, Казакстандын Текеле шаарында ачылган. (JI)
18:17 Нарындагы Борбор Азия университети экинчи бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат өткөрдү