Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Анна Политковскаянын өлтүрүлүшү боюнча иш сотко өттү


Россиянын маалымат каражаттары билдиргендей, башкы прокуратура журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлүшү боюнча ишти сотко жөнөттү. 3 киши кылмышты уюштуруу үчүн күнөөлөнүүдө. Бирок кылмышты ишке ашырган адам кармала элек. Прокурорлордун ырастоосунда, ал европа өлкөлөрүнүн биринде жашырынып жүрөт. Буйрутма бергендер да табыла элек. Новая газета басылмасынын журналисти Политковская 2 жыл илгери Москвада киши колдуу болуп өлгөн. Ал Кремлдин сынчысы катары белгилүү болчу жана Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу жөнүнө жазып келген.

XS
SM
MD
LG