90 минуттук теле талкууга республикачыл партиядан талапкер Сара Пэлин менен демократ Жо Байден катышты. Теле-таймаштын 1-бөлүгүндө каржылык кризис жөнүндө сөз болду. Бул теле талкууга коомчулук өзгөчө көңүл бурду. АКШнын мыйзамына ылайык эгерде президент күтүлбөгөн жерден кайтыш болсо анын милдетин вице-президент аткарат. Акыркы маалыматтарга караганда теле-таймаш соңуна чыкты.