Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Бейшебек Акунов мурдагы төрайым Клара Кабилова комиссияны башкарууга жараксыз болчу деп эл алдында мүнөздөмө бергенден кийин анын компетенттүү орун басары катары өз убагында эмне үчүн жардам берип койгон жоксуз деп Лисовскийге суроо узатып, жообун алгандан кийин аял киши кызматынан чегингенден кийин артынан каралоо адамгерчиликке, тактап айтканда жигиттикке жатпайт деп, Лисовский төрагалык кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок деп билдирди. Акуновдун мындай мүнөздөмөсүн аталган фракциянын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева да колдоду. Президенттин парламенттеги атайын өкүлү Камбаралы Конгантиев бирөөнүн беделин кемсинткен мүнөздөмө берип,орой сөздөрдү айтууга мыйзам жол бербестигин эскертип, кине коюуда аны факт менен негиздөөгө чакырды.(BD)