Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

10:54 Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев үч күндөн бери дайынсыз


Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов парламентте расмий түрдө билдирип, төрага тартип коргоо органдарына кайрылып, издөөгө көмөктөшүүгө кийлигишүүсүн өтүндү. Бакыт Бешимовдун маалыматына караганда, ал тууралуу Руслан Шаботоевдун жубайы кат менен кайрылып, күйөөсүнүн 30-сентябрдан бери дайынсыз экендигин жана бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазгандыгын кабарлаган. Жубайынын айтымында, депутат бирөөлөрдүн чакырыгы менен үйүнөн чыгып кеткенден 20 мүнөттөн кийин чөнтөк телефону өчүрүлгөн жана кайда, кимдер менен кеткени белгисиз бойдон калган. Туугандары, досторунун баарынан сураштырганда эч кимиси билбегендигин айткан. Төрага Айтибай Тагаев бул маселени иликтөө үчүн тартип коргоо органдарына кайрылууну мыйзамдуулук жана укук комитетинин төрайымы Лейла Сыдыковага тапшырып, аны депутат Жусупжан Жээнбековдун 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан уулун кошо иликтөөгө милдеттендирди.(BD)

XS
SM
MD
LG