Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев мугалимдердин кесиптик майрамына арналып, Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу жыйында билдирди. Кыргызстандагы көп жыл иштеген мугалимдери кошумча акыны дароо алгысы келип жаткандыгын жакшы түшүнөөрүн, бирок азыр өкмөт аны тезинен төлөп бере албасын баса белгилеген мамлекет башчы ал ири суммадагы акча берилсе мамлекеттик казынадан акы алган башка кесиптегилер маянасыз калаарын билдирди. Андан тышкары президент “Педагогикалык эмгек стажы” жөнүндө мыйзамды 2003-жылы кабыл алып, бирок аны аткарбаган мурунку бийлик үчүн азыркы бийлик жооп бере албасын баса белгилеп, өкмөт кошумча акыны бир-эки жылда төлөп бере албасын билдирип, кырдаалды туура түшүнүүгө мугалимдерди чакырды. Президенттин билдирүүсүнө караганда, ушул жылы өлкөдө 200 мектеп салынып, ага 895 миллион сом сарпталган.(BD)
11:56 К.Бакиев: “Мугалимдер эмгек стажысына кошумча акыны бекитилген график боюнча алышат”