Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

13:45 “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзам долбоору колдоо тапкан жок


Азыркы иштеп жаткан электр бөлүштүрүү тармактары керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын өз убагында канааттандыра албайт жана ага көмөк көрсөтүүгө чама-чаркы жетпейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин отун энергетика комплеки жана кендерди пайдалануу комитетинин төрагасы Юрий Данилов “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толкутоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбооруна баяндама жасап жатып билдирди. Ал электр энергиясын экспорттоого же импорттоого жана электр кубаты үчүн акы төлөө тууралуу келишимдерди аткарууну өркүндөтүү максатында ушул мыйзам долбоору киргизилип жаткандыгын айтты. Бирок, бир топ депутаттар аталган мыйзам долбоордун чийкилигин белгилеп, аны талкуусуз артка кайтарууну сунушташты. Депутаттар сунушту колдошту. (KE)

XS
SM
MD
LG