Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Мухаммед пайгамбар тууралуу китепти басып чыгарганы жаткан басма үйүн өрттөгөнү үчүн үч адам сот алдында жооп берүүдө


Бул үч британдык тургун Лондон шаарында Мухаммед пайгамбардын эрезеге жете элек зайыбы тууралуу чуулгандуу романды чыгарганы жаткан бир басма үйүнүн кеңсесинө өрт коюшкан. АКШ атуулу Шерри Жонс Мухаммед пайгамбарга күйөөгө чыккан кезде тогуз жашта болгон Айша тууралуу “Мединанын бермети» ("The Jewel of Medina") аттуу тарыхый-көркөм роман жазган. Эки ай мурда анын китебин жарыкка чыгаруу иши мусулман калкынын сезимине шек келтирет жана зордук-зомбулукту козутушу мүмкүн деген жүйөө менен АКШдагы Рэндом Хаус (“Random House”) басма үйү тарабынан токтотулуп салынган.

XS
SM
MD
LG