Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова “Азаттыка” билдирди. Кайрылууда шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт маалында бир топ укук бузуулар болгону, аны токтотпосо арты жаман болоору айтылат. “Бул шайлоого байкоочу катары бир топ эларалык уюмдар, кеч калдыңар деген шылтоо менен катталбай калган. Ал эми “Шайлоо кодексинде” убакыт жөнүндө эч нерсе жазылган эмес”,-дейт Д.Ошурахунова. (КЕ)