БШКнын маалымат-аналитикалык бөлүмү эл аралык уюмдардын шайлоого байкоочу катары катышуу үчүн катталбаганын, бирок бул жерде саясий оюн жоктугун билдирди. “Эл аралык уюмдарды каттоо эрежесине ылайык, алгач Кыргызстандын беделдүү уюмдарынан каттоо тууралуу сунуш каты келиши керек. Эл аралык уюмдар өз алдынча кайрылып, айрымдары убакыт өтүп кеткенде телефон аркылуу каттап коюуну суранышууда”,- деп билдирди “Азаттыкка” БШКнын маалымат-аналитикалык бөлүмүнөн. Маалыматка ылайык 5-октябрда болуучу шайлоого 20 миңден ашуун киши байкоо жүргүзөөрү күтүлүүдө. (КЕ)