Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

17:42 Быйыл Ош облусу пахтадан 32 миң тонна түшүм жыйноосу күтүлүүдө


Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөев «Азаттыкка» маалымдагандай, быйыл аймакта 11 миң 76 гектар аянтка чигит эгилген. Өнөктүк аягында андан 32 миң тонна түшүм алынуусу күтүлүүдө. Учурда пахтанын жарым-жартылайы терилип калды, бирок бир килосу да сатыкка чыга элек. Себеби дыйкандар ак буланын наркы көтөрүлүшүн күтүп жатышкан чагы. Бирок Араван районундагы «Кызыл Октябрь» дыйкан чарбасынын башчысы Орунбек Бекмурзаевдин айтымында, Ош облусунда пахта жылдан жылга аз эгилүүдө. Мунун себебин ал ак була наркынын 22 сомдон ашпай койгондугу, мынча каражат короткон чыгымды актабагандыгы, ошондой эле атайын техникалардын жетишпегендиги менен байланыштырды. (ATo)

XS
SM
MD
LG