Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Аба ырайы: 5-6-октябрь күндөрү Ысык-Көлдө суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт


Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, 5-6-октябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда 0…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү жашылча жемиштерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

5-октябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, тоого кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсун +3…+8, күндүз +15…+20 градус.
Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20 градус.
Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23 градус.
Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25 градус.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15 градус.
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус.
Бишкек шаарында күндүз кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +17…+19 градус.

XS
SM
MD
LG