Париждеги самитте Франциянын, Британия, Италиянын жана Германиянын мамлекет, өкмөт башчылары, ошондой эле Европалык Борбордук банктын жетекчиси жана евро-аймактын төрагасы чакырылган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, алар европалык финансы системасын турукташтыруунун бирдиктүү жолун издешмекчи. Мунун алдыңкы күнү АКШнын конгресси Америкалык экономиканы куткаруунун 700 миллиард доллардык планын жактырган эле.