Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

10:38 Президент К.Бакиев: Кетишинин себебин К.Кабилова өзү келип түшүндүрмө берсе туура болот эле


БИШКЕК. Бүгүн - 5-октябрда саат 10.00дө мамлекет башчысы Курманбек Бакиев №1157 шайлоо участкасында добуш берип, бул саясий өнөктүктүн акыйкат жана таза өтөөрүнө ишенем, деп билдирди. “Жаңыдан шайланган шаардык кеңеш Бишкекке жана шаардыктарга кызмат кылышы керек”, деген оюн айтты журналисттерге Курманбек Бакиев.

Президент БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын аудио билдирүүсүнө байланыштуу да пикирин билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, К.Кабилованын кетиши ал үчүн күтүүсүз болду.
“К.Кабилова Минск шаарына кетээрдин алдында менин кабылдоомо жазылып, бирок ооруга шылтап келген эмес. Ал өзү келип мага түшүндүрмө берсе туура болот эле. Менин оюмча бул шайлоонун алдындагы атайылап жасалган иш-аракет, саясатчыларыбыз ар кандай саясый оюндарды жакшы көрүшөт эмеспи”, деди президент.

Эгерде К.Кабилова учурдагы парламент мыйзамсыз, парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деген билдирүү менен чыкса, бийликтин кадамдары кандай болот деген суроого жооп берип, президент К.Бакиев: “Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп мени да, шайлоочуларды да эч ким ишендире албайт. 17 жыл аралыгында биз шайлоолорду өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ болдук. Шайлоо өнөктүгүнө көптөгөн байкоочулар көз салууда. Биздин шайлоочулар да куру сөз, убадаларга алданбай калды. Ошондуктан парламент легитимсиз деп айтууга эч негиз жок”, деди К.Бакиев.

Ошондой эле мамлекет башчы ал кабыл алган чечимдерге таасир этүүдөн майнап чыкпастыгын белгиледи. “Менин чечимдериме таасир этүү татаал. Албетте мен эки тараптын тең пикирин угам, бирок акыркы чечимди өзүм гана кабыл алам. Мамлекет башчы кимдир бирөөнүн таасирине тартылбашы керек”, деди президент.

25-сентябрда оппозиция БШКнын мурдагы төрагасы Клара Кабилованын аудио билдирүүсүн тараткан. Анда К.Кабилова президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан бул шайлоонун алкагында кодуланып, коркутулганын айткан. Башкы прокуратура бул кайрылуу боюнча кылмыш ишин козгоп, Максим Бакиевден, президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловдон, экс-депутат Темир Сариевден, укук коргоочу Чолпон Жакуповадан көрсөтмө алды. Ал эми парламенттин 3 депутаты - Р.Отунбаева, Б.Бешимов жана И.Өмуркулов "Депутаттын макамы тууралуу" мыйзамга каршы келет деп Башкы прокуратурага барып көрсөтмө бергенден баш тартышкан. 6-октябрда "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев башкы прокуратурага барат.
К.Кабиловнын болсо кайда экени азырынча белгисиз.(KO,MSu)

XS
SM
MD
LG