Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

12:00 Айрым шайлоо участкаларында мыйзам бузуу фактылары орун алууда


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алдын ала түшкөн маалыматтарга боюнча, Талас областынын Манас районунда кээ бир бюллетендерде 10чу талапкердин ысмы басылбай калган, ал эми Бишкектин Свердлов районунда Бишкек гуманитардык университети жайгашкан шайлоо участкасында үй-жайы жок адамдарды киргизип, добуш бердиртип жатышат. Мындан тышкары Беш-Күнгөй шайлоо участкасында шайлоочуларды массалык түрдө ташуу орун алганы жана эки-үч бюллетендеп салган фактылар болгонун байкоочулар кабаралашууда. Д.Ошурахунованын айтымында, аталган мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн актылардын негизинде алар сотко кайрылышат. Учурда Бишкек шаары боюнча шайлоо өнөктүгүнө Октябрь району боюнча “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын, Свердлов району боюнча “Интербилим” борборунун, Биринчи май району боюнча “Таза шайлоо” уюмунун, Ленин району боюнча “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун байкоочулары байкоо жүргүзүшүүө.(MSu)

XS
SM
MD
LG