Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

18:10 Баткенде шайлоого тизмеге кирбей калгандар арбын


Бул тууралуу облустук шайлоо комиссиянын төрагасы Авазбек Жамалов «Азаттыкка» кабар кылды. Маалымдоодо жер-жерлерде мурда шайлоолорго катышып жүргөндөрдүн арасынан, жаңы тизмеге кирбей калгандардын саны арбын. Эми тизмени түзгөн айыл өкмөттөр бул көрүнүшкө сотто жооп берүүгө тийиш. Саат 16га Баткен облусу боюнча добуш берүүчүлөрдүн 45 пайызы келген. Шайлоого суз катышуу айрыкча Кызыл-Кыя шаарында байкалууда, ал жерде шайлоочулардын 33 пайызы добуш беришкен. Облус боюнча активдүүлүктү Кадамжай району көрсөтүүдө, бул райондо саат 16га шайлоочулардын 51 пайызы катышып кетишкен. (SA)

XS
SM
MD
LG