Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

07:10 Кыргызстандын түштүгүндө кечээ кечинде 8 баллга жеткен жер титирөө болду


Маалыматтарга караганда, жер силкинүүнүн очогу Ош областынын Алай районунун Сары-Таш айылынан 45 чакырым жерде катталган. Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин “Азаттыкка” бүгүн билдиргенине караганда, Нура айылынын 60-70 пайызы кыйроого учурады. Министрдин айтымында, кырсык болгон жерге түнү менен куткаруучулар, чатырлар жана медицина кызматкерлери жеткирилди. Бүгүн эртең менен саат 7:30да министр К.Ташиев куткаруучулардын дагы бир тобу менен Ош областына жөнөп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча 6 баллга жеткен жер титирөө Ош шаарында, Баткенде 5-6 баллга жеткен, Бишкекте 3,5 балдын тегерегинде жер титирөө байкалды. Жер титирөөдөн жапа чеккен же курман болгондор тууралуу азырынча маалыматтар түшө элек.(MSu)

XS
SM
MD
LG