ИИМдин басма-сөз катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул боюнча ИИМдин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин кызматкерлери ар кандай версиялар боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин кабарлангандай, Руслан Шаботоев 30-сентябрда шаардагы кафелердин биринде отурганда белгисиз бирөөлөр көчөгө чакырып чыгып, ошол бойдон кайрылып келген эмес. Ал эми Бактияр Амражанов 24-сентябрда уулу Тумарды бала-бакчага жеткирип барган боюнча дайынсыз болгон.(MSu)
08:50 Депутат Р. Шаботоев менен депутат Ж. Жээнбековдун уулунун дайынсыз жоголушу боюнча иликтөөлөр жыйынтык бере элек