Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

12:05 Р. Шабатоевдин туугандары депутаттын жоголушуна К Кыдыралиевди күнөөлөдө


Руслан Шабатоевдин туугандары бүгүн жолдогон ачык кайрылуусунда депутаттын жоголушуна Байланыш боюнча агенттиктин башчысы Кубат Кыдыралиевдин тиешеси болушу ыктымалдыгын билдиришти. Мындай божомолдорун алар Шабатоев дайынсыз жоголоор алдында Кыдыралиев менен бирге болгондугу менен жана бул туурасында Кыдыралиев эки суткага чейин туугандарына билдирбей жүргөндүгү менен түшүндүрүшүүдө. Ачык кайрылууда эмдигиче байланыш агенттигинин башчысы суракка алынган жок, деп тартип коргоо органдары айыпталган. Руслан Шабатоевди табуу боюнча сөз менен эмес чындап аракеттерди көрүүнү талап кылышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG