Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

16:02 Чүйдөгү айрым талапкерлер шайлоону кайрадан өткөрүү жөнүндө маселе көтөрүүдө


Бул туурасында Ивановкадагы №8 шайлоо учаскасынан көрсөтүлгөн талапкер Анвар Сартаев “Азаттыкка” маалымдады. “Үгүт иштеринен баштап эле мыйзамсыз кадамдарга жол берилип, шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү”,- деди талапкер. Ал эми Москва районунан кайрылган Уран Рыскулов шайлоого жергиликтүү бийлик ачыктан ачык кийлигишкенин “Азаттыкка” бүгүн маалымдады. Бирок Чүй облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Рахат Иманбекова бул аралыкта мыйзам бузууларга байланыштуу эч кандай арыз түшпөгөнүн айтууда. Көз карандысыз байкоочулар Чүйдө шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн дешти. Бирок облустук шайлоо комиссиясы 71% шайлоочу добуш берди деп маалымат таратты. Шайлоонун жыйынтыгы эртең түштөн кийин дайын болот. (JJ)

XS
SM
MD
LG