Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

КАБИЛОВАНЫН “КАРТАСЫ” ДА БҮТТҮБҮ?


“МСН” гезити Боршайкомдун айланасындагы окуя тууралуу сөз козгоп, айрым саясат иликтөөчүлөр К.Кабилова менен болгон окуя президентке жакын топтордун биринин жасаганы деп айтып чыкса, айрымдары аны Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаевдин колунан келген иш деп чыкканын, буга карата үч факторду жүйө тартып, 1-си - Кабилованын дароо эле Орусияга кире качып, Маскөөдөн квартира сатып алганын, 2-си - март окуясынан кийин парламент алдына Аскар Акаев менен кандай гана болбосун жолугушуу маселесин коюп тим болбостон аны коргоого алган оппозиция өкүлдөрүнүн Кабиловага байланышкан инцидент пайда болору менен жапырт тура калышканын, 3-сү- Омбудсмен Турсунбек Акундун бул окуяга илгиртпей аралашуусун жана башкалар сүйлөшпөгөн К.Кабилова менен телефон аркылуу анын сүйлөшкөнүн мисалга тартып, бирок кандай болгон күндө дагы Жогорку Кеңеш үчүн өткөн шайлоодогу көптөгөн мыйзам бузууларга Боршайкомдун ошол кездеги төрайымы Клара Кабилова гана жооп бере тургандыгын белгиледи. Гезит ошондой эле Клара Кабилованын аракети кандай түрдө болсо дагы Жогорку Кеңештин азыркы составы отставкага кетпей тургандыгын президент өзү эскерткенин маалымдап, К. Бакиевдин: “Мени кысмакка алам деш пайдасыз. Албетте мен бардык тараптардын ой-пикирин угам, бирок акыркы чечимди өзүм гана алам. Эгер кимдир бирөөлөр менин чечимиме таасир эткиси, ошондой ыкма менен мени басып койгусу келип атканын сезсем, анда ал ага ийгилик алып келбей тургандыгын, тескерисинче аны биртоп бушайман кылып коеорун айтып койгум келет. Анткени мен ал ойлогонго карама-каршы чечим кабыл алам. Бул деген өлкөдө жана коомдо туруктуулукту сакташ үчүн, анын Конституциясынын гаранты болуш үчүн жеке чечим кабыл алуу президентке гана таандык дегендикти билдирет” деген сөзүн шилтеме кылды.

“МСН” дагы бир көйгөйлүү маселе-айыл чарбасы жөнүндө сөз кылып, буга карата КР эмек сиңирген курулушчу, коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун айыл-чарбасынын айрым талуулуу маселелрин талкууга алган ойлоруна орун берди.

“Кыргыз туусу” гезитине КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, публицист Ильгиз Талиптин талкуу үчүн жазылган макаласы жарык көрдү. Макаланын автору “Жапайы капитализмдин айынан биз бүтүндөй эл чарбасын талкалоо менен калкты социалдык-экономикалык жактан гана каржалтпастан, жаш муундардын келечегине да балта чаптык, акыры демократия дегенибиз коомдо адам эч кандай жоопкерчиликти сезбеген, мыйзамы кагаз жүзүндө гана жашаган дейдилик турбайбы дегендей таасир калтырууда. Бийликтеги атка минерлер коррупцияга малынып, карапайым жарандын арыз-муңун эч укпай, укугу тебеленип жатса, кайдагы мыйзамдын биринчилиги, кайдагы сот адилеттиги жөнүндө сөз болот?” деп баяндады.

“Ачык саясат” гезити азыркы бийликтин тушунда коррупция менен күрөш жүргүзөбүз деген сөз бери дегенде эле чымын учуп келип пилди жыга чабам деп коркуткандай болуп калганын, эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө ылайык былтыр коррупция боюнча 150-орунда турган Кыргызстан быйыл андан да артка кетип 166-орунга түшкөнүн, бирок кадыр-барктуу жыйындардын биринде президенттин кеңешчиси Токон Мамытов “Бизде коррупция эки-үч эсеге азайды” деп уялбай-этпей айтканын, коррупцияга баткандарды эл алдында кустуруп, алардын ар бир кадамын эл-журт билип тургудай кылуу керектигин сөз кылыуу менен мындай кусуп берчү адамдар бар деп, алардын катарына: Танаев, Тагаев, Чолпонбаев, Чыңгышев, Нанаев, Кулов, Силаев, Жумалиев, Ширшов, Балкыбеков, Сартказиев, Кайыпов, Бубель, Носов, Малабаев, Жайсаңбаев өңдүү ысымдарды атады.

Ушул эле гезит “Депутат Руслан Шаботоев жоголдубу же...” деген тема алдындагы ой-пикирлер топтомуна баш сөзүндө жаш депутат Руслан Шаботоев 30-сентябрь күнү Боршайкомдун төрайымына байланышкан маселеде: “Эгер Клара Кабилова өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун өтүшүнө байланышкан былык иштерди ачыкка чыгарса, бүгүнкү парламент легитимсиз экендигин мойнуна алып, өз эркибиз менен таркап кетишибиз керек” деп билдиргенин сөз кылып, балким Р. Шаботоевдин ушул айткандары анын дайынсыз жоголушуна себеп болуп жүрбөсүн деп суроо таштады.
XS
SM
MD
LG